Коом

Күйөөм ушакчы экен, ушундай эркектер да болобу?

Турмушка чыкканыма эки жылдын жүзү болду. баары жакшы бирок күйөөмдүн ушакчылыгы калбай койду. Кайнене менен чогуу турам, кайната менен күйөөм кичине кезинде эле ажырашып кетиптир. Мен келгени күйөөм апасы менен шыбырашып эле бирөөну талкуулап, башкалардын жашоосун ушактай беришет. Башында көп деле маани берчу эмес экем. Акыркы кезде кадимкидей көңулүм кала баштады. УУлума жентек т ой бергенде апамдар келишкен. Өткөндө кайненем экөө отуруп алышып менин апамды ушактап жатыптыр. Алардын сөзүндө апам колунда жокбайкуш экен. Көрсө мен булардын үйунө келип кийбегенди кийип ичпегенди ичип жатыптырмын. Кайненем айтса мейли бирок ошол сөздү күйөөм айтты. Ошондон бери буларга болгон мамилем муздап калды. Ушундай да ушакчы эркектер болобу?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *