Күйөөм уруп канжалатып тепкиледи. Эми кечирсемби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсызбы чыгарып беринизчи.Мен азыр ушундай сыгылып отурам .Күйөөм менен бүгүн эле эки жолго түштүк себеби уруп кан жалатып тепкилеп кайын энем кошо жабылып .Кет эле кет кете албайсын дешип. Анан апамдар алып кетишкен 1 кызыбыз бар жашаганыбызго 3 жыл болуп калды. Кантип эми жашап кете алам аны жакшы көрөм уруп соксо да. Урганын себеби сегизи бир тууганымдын туулган күнү болчу ошого барып келейин десем: «Кече эле Москвадан келдик бок барбы ал жакта сага барбайсын»-деп ызы- чуу болуп кетип айтпаган сөз менен тилдеп уруп мени. Эми сагынып отурам кайын энем болсо каяка барасын келесин да деп койуп отурду кетип атсам. Эч ким болушуп койбоду 22 жаштагы кайним бар болчу 18 жаштагы кайним эч кимиси болушпады. Ушунчалык үйгө батпай сыгылып атам ал мени блок кылып сүрөттөрдүн баарын өчүрүп салыптыр. Кетип туура кылдымбы же кечирим сурасамбы бирок ал экинчи үйдөн сени көрбөйүн деп айтпаганды айтты.

Аргумент.kg