Күйөөм тик-токтогу жарым жылаңач кыздарды көргөндө дүүлүгөм дейт эми кантем?

Күйөөм жарым жылдан бери тик-ток деген балээ менен байланып калды. Жумуштан келер менен телефондо отурат. Анда тик-токтогу жарым жылаңач кыздарды карап отурат. Кээде алардын жарым жылаңач денесин көргөндө дүүлүгуп кетип жатам дейт. Аны уккандан бери күйөөмдүн жанына жаткандан корко баштадым. Тик-токко кирип башын жоготуп кое турган болуд. Кантип күйөөмдү бул оорулу тиркемеден арылтам. Өзүмдүн 15 жана 13 жаштагы эки кызым бар. Алардын телефондорун текшерип, тик-ток менен инстаграм тиркемесин өчүрүп салдым. Күйөөм көргөн кыздардын кээ бири кызым курактуу. Кымбатуу эже-сиңдилер кыздарды социалдык тармакта кандай жүргөну тууралуу бир аз карап койгулачы. Менин күйөөмө окшогон канча эркек жаңыдан жетилип келе жаткан кыздарга сугун артып жатат.

Add your comment

Your email address will not be published.