Коом

Күйөөм шартым жок бакканга боюндагы баланы алдырт деп жатат

Турмуш куруп жашаганыбызга эки жылдын жүзу болду. Биринчи баламды алты айында эле апам алып кетип калган. Азыр апамдын колунда чоңоюп жатат. Күйөөм экөөбүз тең иштейбиз. Кудайга шүгур күнүмдүк оокатыбыз жакшы. Күйөөм беш маал намаз окуйт, билимдүү адам. Аны жаман деп айткым келбейт. Болгону экинчим боюмда болуп калыптыр. Эки  айдан ашып калды. Бул тууралуу күйөөмө айтсам, так секирип: «алдыртып сал экинчисин бакканга шартым жок. Жалгыз бага албайм сен да иштешин керек»-деп жатат. УЗИге түшсөм жүрөгу согуп калыптыр. Эмне кыларымды билбей жатам. Алдыртпай турган болсон талагымды берем дегенге чейин барган. Турмуштан сабак алып калган эжелер мага кеңешиңерди бергилечи?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *