Күйөөм сага талак бердим үйүңө кете бер дейт

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм Москвада иштейт. Сегиз ай мурун кеткен. Мен алты айлык уул бала менен кайнене кайната менен чогуу Бишкекте жашайм. Акыркы кундөру күйөөм чалбай калды. Акча деле салбайт. Кайнатам жалгыз иштейт, азыр үйдө беш киши жашайбыз. Тамак-ашыбыз кайнатамдын күнүмдүк тапканына жараша. Өткөндө күйөөмө өзүм чалып мен да барып чогуу иштейин атам кыйналып жатат десем «мага баш ийбеген катындын кереги жок бул жакта кел деп койнуна чакырган катындар толтура экен. Сага талак бердим кийиминди түйуп атама оорлдук кылбай үйунө кет, баланы сага аманат кылдым»-деп телефонун өчүрүп салды. Андан бери бир айга чукулдап калды. Кетип калайын дейм кайненеме эмне деп айтам деп жооп таба албай кыйналып жатам. кетпейин дейм ансыз деле аран жашап жаткан үйбүлөгө оордугумду салгым келген жок.

Аргумент.kg