Коом

Күйөөм өзүнөн 15 жаш улуу аял менен никелешип алды

Биз Москвада иштеп жашайбыз. Жакында эле кыздуу болуп дектерте үйдө болуп калдым. Күйөөм акыркы кезде өзүн башкача алып жүргөн. Жумушунан бир аз маселелери болсо керек деп сураган эмесмин. Бирөө анын жумушуна кийлигишсе жаман көрөрүн жакшы билем. Кээде үйгө кеч келип, майрам кундөрү да иштеп жаткан. Кокусунан телефонуна келген смсти окуп калдым. Анда “Жаным мен сени каалап жатам”-деген кат экен. Тушүнбөй калдым. Күйөөмө көрсөтүп ким десем алгач танды. Качан балаңдын алдында калп айтпайм дегенсиң дегенде гана мойнуна алды. Көрсө мурда биз менен жашаган 49 жаштагы эже бар болучу. Далай жолу эжеге жардам берип, жумушка орноштургам. Кийин мен декретке чыгар алдында жумушум алыс болуп жатат деп биз менен жашаган батирден чыгып кеткен. Ал эже менен чогуу батирге жашап жургөндө эле жолугушуп жүрүптүр. Мен үйдө отуруп кала турганымды билгенде бир көчө ары жактан батир таап чыгып алып күйөөм андан бошоп келгенче кеч болуп жатыптыр. Күйөөм экөөбүз катуу уруштук. Аны менен никелешкенге чейин жетишкенин укканда баламды көтөрүп алып Кыргызстанга баса бердим.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *