Коом

Күйөөм өзүн сатып бизди багып жүрүптүр…

Аял болуп туруп мен кыла албаган, дитим барбаган ишке күйөөм барып, анын арты менен бизди багып жүрүптүр. Турмушка чыккандан жыл айланбай иштебей калдым. Каражатыбыз тартыла түшүп, шаардын четиндеги кайнежемдин үйунө жашого туура келди. Кайнежем болсо эртен менен эрте кетип, кечинде кеч келип жатып калат. ымыркай балам менен анын балдарына кралашып биздин чогуу жашаганыбыз көп деле билине бербеди. Тескерисинче мага аябай жакшы болду. Күйөөм болсо иштеп жүрөм деп кээде маршруттук катам токтоп калды деп шаарга калып калчу. Кийинчерээк ак түстөгү джип менен келип калчу. Мага да жакшы акча таштап кетет. Дайыма келгенде шашып турчу. Эми үй алып алганга жанталашып иштеп жатат деп мен деле маани бербедим. Чынын айтканда кайнежемдин эки эгиз кызынан колум бошобой телефон алууга деле убактым болбойт. Ошондой күндөрдүн биринде күйөөмдүн телефонунан жным деген номерди көруп калдым. озүмө сактап алып ватцабын карасам улуу аял экен. Сүрөту аркылуу инстаграмын таап алдым. Ичинде күйөөм экөөнүн жарым жылаңач болгон сурөттөрү, көл жээгинде эс алып жаткандары бар экен. Күйөөмө айтсам ататпай алкылдап урушуп койду. Акыры кайнежеме айтууга туура келди. Ал аялды таап барса күйөөм бир жылдан бери ал аял менен чогуу джашайт экен. Ал аял бир нече цехи, соода точкалары бар бай апял экен. Азыр ажырашуу чегинде турабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *