
Күйөөм өзү жетелеп алып барып аборт жасаткан күн жашоомду өзгөрттү
20-теке, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваОртодо мамилебиз сууй баштады. 15 жыл оңой эмес. Көп урушчу болдук. Акыркы кездери ажырашып кетсекпи деп ойлоп кетем. Эки бала деле чоңоюп калды. Түшүнүшөт.
Биз 18 жашыбызда эле баш кошуп алганбыз. Ата-энебиз аябай каршы болушкан. Мени үйгө камап, аны да байкесине жөнөтүп салышкан. Экөөбүз акыры көөшөрүп жатып баш коштук. Ызылдап жаткан кудалар кол алышты.
Окуубузду бүттүк. Чакан иш баштап алдык. Ойлоп көрсөм, биз ар дайым чогуу экенбиз. Үйдө да, жумушта да. Ошон үчүн го акыркы кездери аябай бири-бирибизден тажай баштадык.
Бултуңдап сүйлөшпөй калчу болчук. Бир жума бир айга созулчу болду. Кадимкедей сагынып кетем. Кучактап жаткым келет. Бирок, кайра эле таарыныч жеңет.
Боюмда бар экенин билдим. Эки баламды жакшы көтөргөм. Мунусунда катуу кыйнала турган болдум. Балдар чоңоюп калган. Кичине балага зар болуп, бул баланы аябай күткөнбүз.
Же мен, же бала… Дарыгер тандоо койду. Жашоом токтоду. Төрөйм деп ыйладым. Анализдер барган сайын жаман болуп чыгат. Жашоом кыскарып баратты. Ошондо күйөөм мени сүйрөп абортко алып жөнөдү. Мен жасатпайм деп бакырып бараттым.
«Сен жок мен кантип жашайм! Ооба, акыркы кездери көп урушчу болдук. Бирок, аркы бөлмөдө сенин уктап жатканыңды билем, могу жүрөк тынч. А сен жок экенин билген могу жүрөк кантип жашайт! Мага бала эмес, сен керексиң. Кандай түшүнбөйсүң! Менин жашоомдун баарында сен барсың. Бүт бөлүгү, бүт элестер сени менен. Анан кантип сенсиз жашайм. Ыйлабачы. Суранам. Сүйөм…»
Ошондо көзүм ачылды. Мен өзүмдү гана жатыпмын. Күйөөмдү таштап кантип кетем. Ден соолугум балалуу боло албайсың деди. Айла жок.
Палата. Көзүмдү ачтым. Баары бүттү. Күйөөм жанымда экен
Булак: Аргумент кж