Коом

Күйөөм өтө эле майдачыл, казан- аякка кийлигише берет

Турмушка чыкканыма беш жылдын жүзү болду. Күйөөм мени иштетпей койгон. Эки бала менен үйдө отурам. Күйөөм баарын таап берет, бирок кечке үйдө камалып отуруу деле аял кишиге оор экен. Өзгөчө көп кабаттуу үйдө турсаң кыйраткан жумуш жок. Короого бир нерсе тигейин десең шартын жок, башка нерсе да иштетет албайсың. Кошуналарга катуу бассаң да угула берет эмеспи. Акыркы эки жылдан бери күйөөм казан-аякка да аралаша баштады. Тамактын тузу кем, көп жасадың, үй чаң деп ар кандай кымтык таба берчү болду. Акыркы кезде өз үйүндөгү кашыкты ашыкча колдонгондон да зааркана турган болдум. Өзүм кесибим боюнча мугалиммин. Күйөөмө айтпай жумушка чыгып кетсемби деп жатам. Мектептерде орун бар экенин кантип билсем болот. Вакансия бар дегенди угуп барсам деле мени карап туруп жок деп коюп жатышат. Жок дегенде күйөөмдүн кысымынан эки саат болсо да бошонуп балдарымдын байпагын өзүм алып бергим келип жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *