Күйөөм Орусияда бир келин менен жашап жүрүптүр. Эми эмне кылсам?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы чыгарып беринизчи. Жолдошум Россияга барып келип, иштеп жүрөт. 3 балабыз бар. Башта 1 жылга жетпей келип турчу. Бул сапар 1 жыл дегенде келди. Күйөөмө өзүмө ишенгендей ишенчүмүн. Азыр көңүлүм калды. Россияда бир келин менен жашап жүрүптүр. Кайра келем деп да айтыптыр, телефонунан окуп калдым. Уруштук аябай, аягы Москва деген теманы укпайын десем. Ооба деп тема жабылды эле. Эми болсо ишинен чакырып атышат. Жаңы жылдан кийин барам деп атат аларга. Мени билбейт деп ойлойт. Жазышкандарын окуп турам. Кайра жөнөтсөм. Балдарым атасыз калбайбы.балдарды таштап чогуу кеткенге, таштаганы эч ким жок. Таштагым да келбейт. Менин башыман өткөндөй история кимде болсо. Кенеш жазгылачы.

Аргумент.kg