Күйөөм ооруп калсам башка аларын айтты. Ажырашып кетсемби?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмушка чыкканыма 6 жыл болуп калды. 1 кыз 2 уулубуз бар. Мен күйөөмдү аябай кызганам. Анткени түнкүсүн үйгө келбейт, достору менен көңүл ачып жүрөт. Бир жыл мурун Москвага кетип калган. Ал жактан кыз-келиндер менен жүргөнүн ачык эле айткан. Мага талак берип, Кыргызстанга келгенде кечирим сурап, кайра бирге жашап калдык. Көп өтпөй боюма бүтүп, эки ай болгондо түшүп калды, кийин кайра болуп бир аздан кийин эле ал да түшүп калды. Гинекологго барып тазалатсам, эрозия бар экен, дарылан деген. Күйөөмө келип айтсам “сен оорулуу экенсиң, акчаны коротуп тынбай ооруй бересиң, сени кетирип башка катын алам” деп урушту. «Москвадан жүрүп оору жугузуп келген окшойсуз» дедим. Мен аны аябай жакшы көрөм, урса да, тилдесе да бардыгына чыдап жашап келем. Бирок, акыркы күндөрү чыдамым жетпей баратат. Катуу стресске кабылып, көп ыйлайм. Жүрөгүмдү оорутту. Эмне кылсам? Кетип калайын десем, балдарды аябай жакшы көрөт, жакшы карайт, балдар да аталап турушат. Ортодо мен кыйналып бүттүм.

http://Bilesinbi.kg

Аргумент.kg