Коом

Күйөөм мурунку аялын да төрөтөм чогуу багам деп мээси айланып жатат

Менин да жолдошумдун да экинчи никесибиз. Он жылдан ашуун бирге жашап беш балалуу болдук. Жолдошумдун мурунку аялы эки ай жашап кетип калыптыр. Угушума караганда ал күйөөмдөн кийин жамаш иштерген барып жүруп бирөөгө турмушка чыгып бир ай жашап ажырашыптыр. Бир жылдан бери күйөөмдун айланасында ошол аялы пайда болду. Эми экөө классташ да классташ катары бир чөйрөдө жолугушат деп койчумун. Жыйырма жылдыктан келгенден бери күйөөм өзгөрүп аны менен да жашап аны да балалуу кылып коем антпесе убал ага деп сүйлөнуп калды. Ошол аялдын айынан үйдө уруш чыга баштады. Кантип экөөнүн ортосун алыстатам?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *