Коом

Күйөөм Москвадан бир келинди таап, башын айлантып нике окутуп алыптыр

Саламатсыздарбы менин кайрылуумду да чыгарып бериниздерчи. Атым Алида. Күйөөм 3 жыл мурун Москвага кеткен эле. Аякта бир келинди жактырып калып келиндин башын айлантып алдып никесине алыптыр. Ал келинге «Мен аялым менен почти ажырашкам. Мен андан давно кеткем. Тиягы сасыйт биягы сасыйт аялыман жийиркенем. Аялымды сүйбөй эле жатышка кызыгып эле алган экем ойлосом деп ыймандуу жакшы келиндин башын айлантып аял кылып алыптыр. Жакында Кыргызстанга келишти. Үчөөбүз чогу отуруп сүйлөштүк. Байкасам бүт баардык күнөө күйөөмдө экен. Тиги келинде күнөө жок экен.
Күйөөм экөөң менен тең жашайм деп атат. Мен жиним келип бычак көтөрүп өлө тополоң кылам деп кызымын колуна бычакты сайып алдым. Өзүмдү кармай албай калдым. Күйөөм жини келип мага 1 талак берип койду. Бүгүн молдого кайра нике окуталы деп барсак окубай койду. Молдо күйөөмө айтты экөө менен тен жашайм деп тура бериңиз. Ага да көнбөсө туңгуч аялыныздан кетип экинчи аялыңыз менен жашай бериңиз деди. Эми мен эмне кылсам?эжелерден кенеш кутөм🙏

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *