Коом

Күйөөм меники гана болушун каалайм

Баш кошконубузга эки жарым жыл болду. Жолдошум бойлуу сулуу жигит. Бир балалуу болгондон кийин 12 кг толуп кеттим. Азыр жолдоошум менен бир жакка барсак кыздар жолдошумду карай беришет. Анын жанында өзүмдү ушундай түру сууктай элестете берем.  Акыркы эки айдан бери жолдошумду ушунчалык кызганып жатам. Ал жумушка кеткенден тартып келгенде аны башка кыз жандап жүргөндөй сезиле берет. Акыркы күндөрү жолдошумду кызгана берип акылдан аза баштадым. Кээ күндөрү аны ойлоп берип уйкум качып калчу болду. ал уктап жатса да анын түшүндө кимдер жүрөт деген жинди ойлор да башыма келбей койбойт. Кызганыч бул оорубу же мен акылдан азып бара жатамбы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *