Күйөөм мени жарым жыл алдаптыр, көрсө менден беш жаш кичүү экен

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Күйөөм менен соода борборунун биринен таанышып калдык. Жарым жылдай сүйлөшүп, бири-бирибизди жакшы таанып калганда турмушка чыккандай болгом. Бир айдан кийин улуу кайнежем менен сүйлөшүп отуруп, ал мени менен жашташ экенин билдим. Түшүнбөй калып күйөөмдөн «менден кичүү белен?»- деп сурасам, «сенден беш жаш кичүүмүн бирок менин сыртыман эч ким мени өз жашымда деп айтпайт, эми кеч болуп калды эже деп айта албайм»-деп оозумду жаап койду. Эртели кечпи кайын журтум менин күйөөмдөн беш жаш улуу экенимди билет. Ошондо алар кандай ойдо болот деп ичимен бушайман боло баштадым. Жашы өтүп кетип эр албай калганда уулубуздун башын айлантып тийип алды деген сөзгө каламбы деген ой да келбей койбойт экен. Өткөн шайлоодо кайненем паспортумду сурап, бир талапкерге добуш беришибиз керек кайнагам ишенимдүү адамы экен ошого жиберем каттап койсун дегенде паспортумду бере албай койдум. Жумушта калган жөн эле каттата бериңиз алдамак белем салабыз да деп койдум.

Аргумент.kg