Күйөөм мени түрткөнүн көргөн кайын энем муну жасап оозумду ачырды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

«Апа, бул жеңишим сизге арналат! Мен сизди жакшы көрөм!» Сахнага чыгып баратып аябай толкундандым. Алып баруучу микрофонду бергенде тамагым кургап, үнүм кыргылданып араң чыкты. Алдыңкы катарда отурган кайын энемди көрүп өзүмө келе түштүм. Мээримге толгон көзү мени сыймыктануу менен карап туруптур. Текст боюнча башкача сүйлөшүм керек эле. Бирок, сөздөрүмдүн баарын унутуп койгонума байланыштуу, жүрөгүмдү тыңшадым. Ал мага ушинтип айт деди. Сахнадан түшүп апамдын жанына бардым. Колумдагы статуэтканы берип, бетинен өптүм. Элдин баары ордунан туруп кол чапты. Үчүнчү курста турмушка чыктым. Ал убакта каникулда болчумун. Сабактарым башталса кандай болот экен деп кабатыр болуп жүрдүм. Анын үстүнө курбуларым «окутпай дагы коюшу мүмкүн» дешсе, ыйлагым келип кетчү. «Жалжаке» деп жактырбаган күйөө балам мени таң калтырды 1-сентябрга аз калган. Тоокко жем чачып жүрсөм, кайын энем мени издеп калды. — Алтынай! Алтынай! Кайдасың! — Баратам, апа! — Тур, кийимиңди алмаштыр, анан Эржан экөөң базарга түшүп келгиле. — Продуктугабы? — Окууң башталарына аз калды. Үстү-башыңды жаңыртып ал. Окуу куралдарыңды толукта. Тур, турагой, тезде. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Баса, эстегенде бир күлкүлүү окуяны айта кетейин. Күйөөм экөөбүз таарыныша кеттик. Бултуңдап-тултуңдап жаныман өтүп баратып кокусунан түртүп алды. Кармана албай кулап түштүм. Дал ошол маалда кайын энем кирип келип калды. Мага кол көтөргөн экен деп, колундагы кол аарычысы менен күйөмдү сабап кирди. «Ой, апа, кантип эле колум тийсин?!»,-деп күйөөм качып жүрөт. Кайын энем «мен сени ушуга үйрөттүм беле?» деп кубалап жүрөт. Мен аларга жете албай артынан чуркап жүрөм. Кыскасы, комедия эле болгонбуз. Экзамендериме даярданып жатсам, тоскоол болбосун деп бөлмөмө эч кимди киргизбейт. Эгер жарык өчүп калса, чуркап барып шамды күйгүзүп көтөрүп келет. Сабакка жөнөп баратсам, «үйгө шашпай китепканага отуруп кел»,- деп узатат. Ар дайым сумкама мага көргөзбөй таттуу салып коет. Анан кантип ушундай кайын энени жакшы көрбөйсүң! «Сен сөзсүз катышууң керек!» Болбой жатып университеттин сулуулар сынагына жаздырып койду. Көйнөгүмдү өзү алып берди. Чогуу ыр тандашып, атүгүл бийлердин кыймылын көрсөттү. «Сенин колуңдан баары келет!» деп, дем күч берип, конкурстун аягына чейин колдоду. Утуп «Сенин колуңдан баары келет!» деп, дем күч берип, конкурстун аягына чейин колдоду. Утуп кеттим. Менин атымды айтышканда токтоно албай ыйладым. Түркияга эки кишиге жолдомо беришти. Кайын энемди алып аэропортко жөнөдүм. http://bilesinbi.kg

Аргумент.kg