Коом

Күйөөм мени таштап кеткен бирок ажырашпайм дейт

Күйөөм менен беш жыл мурун отубуз күйүшпөй ажырашып кеткенбиз. Ортобузда бала да жок. Ал эки жылдан кийин башкага үйлөнүп эки балалуу болду. Жарым жыл мурун бирөө менен таанышып ага турмушка чыгайын десем мен расмий түрдө мени эчак таштап кеткен күйөөмдун аялы болуп жатам. Аны таап ажырашалы десем уялбай эле: “Сен менин аялымсын, мен башкага тийгенге уруксат бербейм. Ажырашпайм”-деп болбой койду. сотко арыз жазсам тез эле карап береби? Же ай сайын соттун имаратынын алдында жүрө беремби?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *