Кымбаттуу эжекелер. Сиздерге жашоомдогу оор күндөрүмдө жазып жатам.  Эки жыл мурун жолдошум менен Орусияга иштегени келгенбиз. Былтыр уулду болгом. Азыр уулум 11 айлык болуп калды. Жолдошум карантин учурунда жумушсуз калып өзүнун документин бүтуруп кыргызстанга кетип калган. Ошондой бери биз менен бир да жолу байланышкан жок. Баламды баштыкка уктатып коюп,  пол жууп иштеп жургөм. Азыр чоңоюп калганга бала менен подработка да таба албай жатам. Эптеп чогулткан акчамдын акыркысын кече күнү нан, бир литр сут алдым. Ушул айдын аягында батиримдин акчасын төлөй албасам бошотуп беришим керек. Жаш бала менен каякка барам. Кыргызстанга кетейин десем баламдын метрикасын күйөөм алган бойдон жок. Мени аэропортон балам менен өткөрбөйт. Баланы орустардын балдар интернатында чоңоюшун каалаган жокмун. Эгерде балага зар Москвада же анын тегерегинде жашаган үй-бүлөлөр болсо берет элем. Жок дегенде балалыгын толук кандуу өткөруп алсын. Мени жаман көрүп эмне төрөдүн дегендерге айтарым күйөөм мени таштап кетерин билген эмесмин. Бактылуу үй-бүлөдө бала болушун каалаган элем.
Жаркын