Жолдошум экөөбүз Москвада иштеп жүруп таанышып кийин баш кошконбуз. Ал мага бойдок экенин айтып апасы айыккыс оору менен ооругандыктан болгон акчасын апасына салып турарын айтчу. Мен аны аяп жардам берип жүргөм. Биз үйлөнүп келгенден эки айдан кийин абысынымдан кайненемдин оорубай турганын билдим. Бирок акчасын эмнеге салып келгени тууралуу кызыгып сураган эмесмин. Өткөндө үйгө эки баласын ээрчитип бир ая келди. Көрсө ал аял күйөөмдун аялы экен. Экөө азыркыга чейин ажырашкан эмес экен. Аны да алдап ишим болбой жатат деп акча салбай калып, кокусунан бизди көчөдөн көрүп калып үйду таап келиптир. Мен эмне дээримди билбей калдым. Көрсө апама деп жөнөткөн акчасы аялына барчу экен. Азыр ал экөөбүз тен иштебей менин жыйнаган акчам менен оокат кылып жатканбыз. Күйөөм болсо “акчан болсо берип кой кетип калсын”- деп дивандан туруп да койгон жок. Аял кеткенден кийин бир сыйра кийимимди алып кетип калдым. Азыр депрессиядамын. Ошол бойдон күйөөм чалган да жок, кайын журтум сурап да койбоду. Эмне деген кайын-журтка келгенимди түшунө албай болгон окуяга ишене албай отурам.