Коом

Күйөөм менен кайнагам ичип алып мушташа беришет, тажадым

Күйөөм менен жарым жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Бишкекте жашаганда күйөөм эмгекчил болучу. Кийин кайненем ооруп айылга бардык. ал кишини багып эки жылдай жашап калдык. Бойдок кайнагам дайыма ичип жүрөт. Кайненем да кээде иче коет. Эми күйөөм да иче баштады. Кайнагам менен күйөөм огороддун четине отуруп алып теңтуштай болуп ичип, үйгө келип озго алгыс сөздөр менен бири бирин сөгуп мушташышат. Эки жашар кызым экөөбүз кошунаныкына кетип калып жатабыз. Качан алар чарчап уктап калганда келем. Үйдө идиш аяк калган жок. Баарын талкалап бүтүштү. Кетип калайын десем апам жок. Бала менен кимге батат элем. Ичкендеринен тажадым, бала менен жалгыз иштеп жан баккандар барбы?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *