Коом

Күйөөм менен бактылуумун бирок балалуу боло албасымды жашырып келем

Салам айымдар! Ким менен сырдашаарымды билбей, ушул сайтка жазып атам. Турмушка чыкканыма бир жылдын жүзү болду. Жаңы үй бүлөгө аралашып кетишим да жеңил болду. анткени кайын журтум жолдошум мени түшунүү менен кабыл алышты. Менде үй-бүлөлүк көйгөй жок бирок жашырып келген чоң маселем бар.  Бул балалуу боло албаганым. Ден соолугума байланыштуу мен төрөй албайм. Бул жөнүндө студент убагымда билгем.  Ата энем көрсөтпөгөн жери калбады, бирок бири да жардам бере алган жок. Эне болуу бул кандай гана бакыт!!! Ошол мезгилде мен депрессия эмне экенин түшүндүм, жашоого кызыгым калбаган, бир нече жолу өзүмдү өлурүүгө аракет кылдым бирок акыркы мүнөттөрдө апамдын жалооруган көздөру мени аман алып калып жүрдү. Турмушка чыгуу да мен үчун психологиялык жактан оор болду.Азыр ушул көйгөйүмдү айтсам кайын журтум күйөөм менден жүзүн буруп кетеби деп корком. Кимге эле төрөбөгөн аял керек болот. Эч ким төрөбөгөн аял менен өмүрүн бекерге короткусу келбейт.  Бир эле жолу бар балалуу болуштун жолу  — суррогатное материнство. Бирок кайн журтум эмне дейт, ага акчабыз деле жок. Багып алууну да коп ойлоном, бирок куйоом өгөй балдарды кабыл албайт. аны жакшы билем.  Мага окшогон улуу эжелер барбы? Сиздер кантип жашап кеттиниздер?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *