Күйөөм менен 5 жыл жашап боюмда болбоду, жолун бошоттум. Өзүмдү ыңгайсыз сезип…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Саламатсыздарбы мен да 5жыл жашап, төрөбөдүм ,жолдошумдун жолун бошотуп бердим. Ал үйлөндү келинчегинин боюнда бар ,бирок өзүмдү ынгайсыз сеземин. Баардык аялдардай сымалдуу , бактылуу болгум келет .Жашым 27де , өзүм тууган уруктардан достордон бөлүнүп калдым. Өзүмдү алардын жанын да кечкээ кемсинте беремин. Өзүмдү баардык тараптан өзүмдү өзүм жакшы көрөм. Бир эле төрө албаганым болбосо… Ичимдеги кайгымды эч чыгара албайм. Көрүнбөгөн жерим калган эмес. Баардык жерде бир эле нерсе эч төрөй албайсын болбойт дейт. Лечение кылдым, бирок жыйынтык жок. Бирок апа болгум келет аябай . Мындай нерсени душманымада каалабаймын .Кээде ойлоп койом баласы барга тийип бактылуу болсом кана деп. Бирок корком аларда менден баш тартабы деп. Төрөй албаган кимге керек эле деп

Аргумент.kg