Жанымда жаткан келинге күйөөсү үч жолу тамак алып келип таштап кетти. Мен
бейтапкананыкын жеп отурам. Буга эмне болгон? Келе жатам дебеди беле? Баласы менен мени
ойлоп койбойбу? Кыйналып көз жарсам, бир ысык тамак алып келбеди.
Күйөөм чалды. Таарынып албай койдум. Анан уктап калдым. Медайым келип жанагы келинге дагы тамак менен жер-жемиштерди берип жатыптыр. Кадимкидей кызгана баштадым. Эмнеге
меники келбейт? Телефонумду карасам беш-алты жолу чалыптыр. Чалдым.
– Кайдасың?
– Сага киргизбей жатышат. Кызым жакшыбы? Тамактандыңбы?
– Ооба, “больницанын” тамагы сонун экен.
– Апей, эмнеге аны жейсиң?
– Ачка болсом жейм да, сеники кана?
– Алып барбадымбы? Азыр дагы жасап жатам. Курсагың ачты го э?
Сыртка чыгып медайымды издей баштадым. Күйөөм келип кетттиби сурадым. “Сеники келе
элек, тиги жаныңда жаткан келиндики улам келип, бир нерселерди берип жатат. Аябай камкор
экен. ” Эми чындап кызгана б аштадым. Менин деле күйөөм камкор, болгону азыр аны тааныбай жатам.

Палатама кирип баратсам, төрөткананын кире беришинен “жаным, мен дагы келдим” деп күйөөм бакырып кол булгалады. Тиги медайым эже “апээй, бул сеники беле, мен эртең менен алып келгендеринен баштап баарын тиги келинге ташып жатпайынбы” десе болобу.
Палатама кирсем тиги келин күйөөм алып келгендерди эбак эле жеп бүтүп уктап калыптыр. Ага эч нерсе айткан жокмун. Көңүлүн ооруткум келбеди. Мен үчүн күйөөм таң атпай тамак ташыганы, мага кам көргөнү маанилүү. Бирок, жанагы тоок шорпосунун жыты сонун эле да. Эх, макул эми, аш болсун.
Эртеси күйөөм кызым экөөбүздү алып чыгып кетти. Мындай вирус жүрүп жатканда көпчүлүктү деле чакырбадык. Ата-энелерибиз үйдө күтүп турду.
“Жаным, жанагы тоок шорпону өзүм жасагам. Анан этти дагы өзүм бышырдым. Жактыбы?” Ушунча аракет кылганы билинип турду. Ооба, деп жүзүнөн сүйдүм. Мээнетин башка бирөө жегенин айтып, көңүлүн ооруткум келбеди.