
Күйөөм кызгана берип күн көрсөтпөй калды. Канткенде жаным калат?..
27-бугу, 2023-ж // Коом // Айпери ОсмоналиеваЖолдошум өтө эле кызганчаак. Үч жыл мурун, 2015-жылы баш кошконбуз, ага чейин дагы бир жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Ал убакта кызганганы мага жакчу. Менин соцтармактагы жеке баракчаларымдын сыр сөздөрүн билчү. Кимдир бирөө баракчама кирип, пикир калтырса, же бейтааныш номерден чалып калса Айбек аябай жинденчү. Ал кезде кызганганын катуу сүйүүгө байланыштырчумун.
Жолдошум этегимди ачкан алгачкы эркек болду, ал буга аябай сыймыктанчу. Бирок ошондон кийин аябай өзгөрүп кетти. Эмнеден улам экенин билбейм, бирок баягы кызганчаактыгы өтө эле күчөдү. Айбек муну «азыркы заманда ала жипти аттаган аялдын күнөөсүн далилдөө» кыйын болуп калганы менен түшүндүрчү. Кээде кошулганына да өкүнөөр эле, анткени мурун мени көзөмөлдөп туруу жеңилирээк болчу экен…
Акыры аралыктан окууга которулдум. Жумушка орношуу тууралуу кеп да болгон жок. Айбек мени бирөө ээрчитип кетет деп жанын коерго жер таппай кетчү.
Булак:Аргумент кж