Коом

Күйөөм көңүлдөшү менен бактылуу экенин көрүп ыйладым

Он жыл мурун жолдошум менен Питерден таанышып, эки жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошконбуз. Жолдошум менден алты жаш кичүү болучу. Мен ага чейин бир турмуш көруп, ден соолугума байланыштуу төрөө мүмкүнчүлүгүмдөн ажыраганымда ажырашып кеткен элем. Менин төрөй албай туррганыма карабай артыман калбай жүруп баш кошкон эле. Азыр бизде баладан башканын баары бар. Бар оокатты таптык, бирок күйөөмдүн көңүлү жоголду. Беш айдан бери мурункудай мамиле кылбай кеч келип, телефон катып баштаган. Бул убактылуу нерсе деп анчалык маани бербей келгем. Буга чейин да күйөөмдү жаш кыз менен эки жолу кармап алып, алары кийин өздөрү кетишкен. Бул жолу мен катуу жаңылыптырмын. Күйөөм чындап жаш кызды сүйүп калгандай. Узакка созулган сүйүү романынан күйөөмдүн артынан аңдып баштадым. Борбордогу кафелердин биринде иштеген кыз менен жакын мамиледе экен. Дайыма кечинде күйөөм аны кафенин алдынан күтүп тосуп алат, анан экөө тамактанууга башка кафелерге барышат. Бири-бирин караган көздөрүнөн от жанып турат. Күйөөм ал кыздын жанында чарк айланып калат экен. Он жыл жашап күйөөмдүн жалындуу көздөрүн, нур чачкан өңүн көргөн эмесмин. Алардын бактылуу экенин көрүп алып ыйладым. А мен күйөөмө ушунчалык көңүп алгам аны кое бергим келбейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *