Күйөөм көйнөгүмдү кимге алып барып бергенин билген соң жашоом өзгөрдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ыйлап алгам. Болгон күчүм менен шкафымды тытып жаттым. Кирлердин арасына кошулуп кеткен жокпу карадым. Жок. Сонун көйнөк эле. Мага чак келген жана фасону… Баламды бала бакчага алып барыш керек болчу. Баарын таштап, мурдумду тартып, баламды жетелеп жөнөдүм. Бүгүн апалар майрамы менен куттукташмак. Атайын ошол көйнөгүмдү кийип барайын дегем. Эми минтип спортивкачан, маанайы жок кетип баратам. Демейде эркелеп кыялын көрсөткөн балам дагы бүгүн тынч. Мени карап коет. Карасам кайра эки жагын карайт. Үн-сөзсүз жетип бардык. Эжеси чыгып баламды концертке даярдаганы алып кетип, мага коноктор отурган залга бара беришимди айтты. Мына, бардык апалар сонун болуп жасанып келишиптир. Баарында сонун көйнөк. Азыр балдарыбыз ырдап куттуктайт. А менин көйнөгүм жок. Эстеген сайын көзүмө жаш келет. Ар бирибизде жактырган, жыртылса дагы ыргытпаган көйнөгүбүз болот эмеспи. Тиги көйнөгүм ушундай болчу. Балдар чыгып ырдай башташты. Баары мотурайган. Тигине менин балам дагы турат. Байкушумдун кабагы бүркөө. Улам мени карап коет. Кой дедим дагы, ага жылмайып кол булгадым. Заматта жандана түштү. Үнүн бийик чыгарып, ырын созо баштады. Үйгө жөнөдүм. Жолдон ким алышы мүмкүн болду деп ойлонуп келип шкафымды жыйнадым. Баарын бир сыйра күнөөлөп чыктым. Үйгө келген коноктордон дагы көрдүм. Оюм мынча жаман Кечинде күйөөм келди. Маанайы жакшы. Эмне болгонун сурады. Буркулдап айтып бердим. Табылат деп бейкапар болуп койду. Өзүмдү кармай албай бакырып кирдим. Колума тийгенди ыргытып, акырып барып жатып алдым. Эртең менен турсам күйөөм менен балам жок. Эбак бала бакчага кетип калышыптыр. Эмнегедир уялдым. Өзүмдөн, жаман ойлорумдан, жакындарыма кылган мамилемден уялдым. Бир көйнөк үчүн ушундай жолго барганымдан уялдым. Дароо күйөөмө чалдым. Баламды бала бакчага алып бараткан экен. «Кечирип койчу» дедим. Баары жакшы экенин айтты. Жумушума жөнөп кеттим. Кечинде күйөөм мага белек берди. Эки пакет экен. Бирөөсүндө жаңы сонун көйнөк. Экинчисинде жоголгон көйнөгүм. «8-мартка белек кылайын дегем. Капа болуп жүргөнүңдү көрүп чыдай албадым. Бул көйнөгүңдү жакшы көрөрүңдү билем. Бирок эскирип калды. Ошон үчүн дал ушундай кылып тигип бергиле деп бир цехке алып барып бергем. Сага жагат деп ойлойм.» Күйөөмдү катуу кучактап кечирип сурап жаттым. Мен мындан ары жаман ойлонбойм. Сөз берем.

Аргумент.kg