Коом

Күйөөм кембагалдын кызысын деп басынта берет

Турмушка чыкканыма он эки жылдын жүзү болду.  Үйдүн ортончусуна турмушка чыкканыма байланыштуу бизди эрте эле бөлуп коюшкан. Мындан эки жыл мурун агам кырсыкка кабылып, болгон мал -мүлкүн берип араң кутулган. азыр үйдө ашыкча малы жок калды. Кээде айлык алганда ата-энеме акча салып калчумун. Аны билип алган күйөөм “кембагалдарга акча жөнөттүңбү? Кембагалдан кембагал эле чыгат да”-деп мени басынта берет. ,Буга чейин ата-энем жыл сайын кышында согум союп берчү. анда күйөөм унчукпай жашачу. Кырсык деле келем деп айтпайт экен, баары кокустук болуп ошондон улам агамды сактап калууга болгон күчубузду жумшаган элек. Азыр чай-чамек алып алсын деп берген 1000 сом күйөөмө чөң акча көрүнуп өзумдүн тапканымды санап отурат. Эки кызым бар. Акыркы кундөру күйөөмдүн кембагал деп кемсинткени тойгузуп баратат. Кандай кылып түшундүрө алам? Же ажырашып кетсемби?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *