Коом

Күйөөм “эркек балам жок” деп төрт кызым менен таштап кетти

Көп келиндерди “азыркы заманда күйөөңөрдү азгырган аялдардан абайлагыла” деп айткым келет. Көлдүк келин 7 жыл мурун менин күйөөмдү азгырып кеткен. Россияда иштеп келиптир, акчасына таянып имерип алды. Күйөөм ар нерсени шылтоолоп, “эркек балам жок” деп төрт кызым таштап кетти.

Бактылуу эле үй-бүлөлөрдү бузган мындай аялдар көбөйгөнү кейитет. Өзүнөн бир топ жаш улуу аялга азгырылган күйөөм азыр бактылуубу? Кыздарым атасын эстеп, куса болуп күндө сурашчу. Азыр унутуп баратышат. “Жетим жетилет” дегендей, өлбөстүн күнү өтүп, кыздарым да бойго жетээр. Баары артта калаар. Бирок башка аялга азгырылган күйөөмдүн эртеңи кандай болоор экен?.. Бир кезде биз бактылуу үй-бүлө элек…

Бегимай

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *