Коом

Күйөөм элди көзгө илбей мени кармалай берет.Эмне кылсам?

Мун ушул баракчадан көптөгөн түрдүү окуяларды окуп, кеңештерге күбө болом. Кенеш берип келген эжелерге кайрылгым келди. Атымды жашыруун эле калтырыңыздар. Турмушка чыкканыма эки ай болду. Жарым жыл сүйлөшуп жүруп турмушка чыккам. Акыркы кезде күйөөм мени одоно кадамдары менен чочутуп жатат. Күндүз үйдө оокат кылып журсөм деле артыман келип кармалап, сыйпалай берет. Кайнене менен кайната көруп калса уят болот десем алар жаш болбоптурбу түшүнөт деп коет. Алар байкап калып бирок билмесен болуп жүрүшөт. Өткөндө кайненем мен уулума айта албайм уят болот деп айт деди. Уялганыман кирерге жер таппай калдым. Кантип күйөөмдүн ушундай адатын калтырам. Ал оорулу эмеспи? Эмне кеңеш бересиздер?

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *