Коом

Күйөөм иштейм деп кетип башка кызды боюнда кылып жашап алды

Акылдуу аялдар күйөөсун Москвага жалгыз иштегени кетирбейт экен. Мен жаштык кылып ажлгыз кетирип ийип эми баарын билип отурам. Күйөөм бир жылдай биз менен жакшы эле сүйлөшуп келип акыркы сегиз айдан бери бизге чалбай да калган. Биздин абалды байкаган кайнежем мени болбой артынан жиберди. Күйөөм экөө урушту, мен күйөөмөн укпаган сөзду уктум бирок Москвага келдим. Тез эле жумуш табылып жакшына эле иштеп жатканбыз. Бир күнү чогуу жашаган кыз чачын жууп түшкөн чачтарын тазалабай коюптур, артынан барып урушуп чачыңды ал деп катуу айттым. Ал чачын жыйнап жатып мага “кайсы арына кыйкырасын эринди кайтарып алчы” деди. Ошентип ал экөөбүз катуу уруштук ал болсо күйөөм бул үйдө бир кыз менен жашап, ага кийиминен бери алып берип анын боюнда бар экенинен бери айтты. Ал кыз жумушуна кеткенден кийин ошол жерде жашаган жагы бир эжеден сурасам чын экенин тастыктап берди. Ошентип күйөөм экөөбүз катуу уруштук. Адл болсо мен ошол кызды сүйөм ансыз жашоом жок каалабасаң ажыраш мага баары бир деди. Эмне кыларымды билбей жатам. Эки бала менен ажырашкан күндө менин барар жерим жок. Унчукпай жашай берейин десем күйөөм ал шермендеге ачык эле барып тапканынын баарын ага коротуп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *