Коом

Күйөөм бир сөз үчүн чиедей кызын да карабай койду

Жашоодон сабак алгандардан кеңеш сурагым келди. Азыр мен оор абалда тургандаймын. Анткени күйөөм менен ажырашып бирок кайра өзүмө кайрый албай турам.

Сөз башынан болсун. Эки жыл мурун мени алакачып кетип отуруп калгам. ошого күйөөмду көп жаныма жуутпай келдим. Айтор илен-салан жашоо кечирдим. Мындан беш ай мурун күйөөм экөөбүз уруша кеттик. «Мен сен алакачып албаганда жигитим менен бактылуу болот элем»- деп айтым алдым. Ушунум үчун андан токмок жедим. Кызымды көтөруп алып төркунүмө кетип калдым. Ошол менен күйөөм бир да жолу чалган жок. Жада калса эзилип түшкөн кызын да сураганга жараган жок. Ортобузда никени бузуп Нике кагазын да кесе элекпиз. арадан юеш ай өтсө да бир кайрылбады. Азыр бекер кылыптырмын деп өкүнүп жатам. Башкага үйлөнуп алса кантем деген ой мени жеп жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *