Коом

Күйөөм батир тапкыча төркүнүңдө болуп тур деп аял алып алыптыр

Жолдошум  кайнежемдин үйундө турчу. Кайнежем менен эки жылдай чогуу жашадык. Башында иштеп кетип көп деле таарынычтар болчу эмес. Бала менен үйдө отуруп калганда кайнежем балдарыма тоскоол болуп жатасың, балан ыйлаак деп эле мени кодулай берди. Акыры тажаганымда жолдошума башка арзан батир болсо да таап жашап туралы дегем. Мен тапканча төркүнүңө барып тур деп эки айлык бала менен мени апамдын үйунө кетирип ийген. Башында телефон менен күндө сүйлөшүп, ал абалды сурашып турчубуз. Эми таптакыр эле чалбай калды. Улам батир карап жатам дей берип, арадан сегиз ай өтуп кетти. Өткөндө кайнежеме чалып күйөөм менен байланыша албай жатканымды айтсам, «Ал эчак эле үйлөнгөн эми алардын баласы болот тоскоол болбой төркүнүңдө жашай бер «-деп телефонду коюп салды. Көрсө жолдошум мага чейин эле бирөө менен жашай коюп, ал кош бойлуу болуп калып сотко берем деп коркутуптур. Анан менден кутулуу үчүн кайнежем жемелеп, мени кетире калышып алып беришиптир. Эми эмне дээримди билбей отурам. Буга чейин батир таап бактылуу жашайбыз деп кыялданып жаткам. азыр уулум менен ара жолдо калгандай абалда отурам.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *