Күйөөм башканы боюнда кылып мага үйлөнүп алыптыр

Жолдошум мага үйлөнөрдө бир келинди боюнда кылып коюптур. аны мен кийин кыздуу болгонубузда кайынсиңдимден уктум. Күйөөм кээде телефонун көпкө чукулап калса ошону ойлоп кыжаалат боло берем. Күйөөм мага үйлөнгөнгө чейин чыр салып аны алам деп чыгыптыр. Кайненем эрден чыккан балалуу аялды алып бербейм деп мени таап үйлөнтуп коюптур. Күйөөм үйлөнгөну мени жактырбагандай түр көрсөткөн жок. Дайыма жанымда көңүлүмду карап турат. өткөндө ал келиндин инстаграмдагы баракчасынан күйөөмдөн төрөгөн кызын көруп калдым. Күйөөмө куюп койгондой окшош экен. Кийинчерээк күйөөмду тарттырып ийемби деп сарсанаа боло берем?  Мен турмушка чыкканыма 3 жыл болду, ортодо бир кызыбыз бар.

Add your comment

Your email address will not be published.