Коом

Күйөөм ата-энеме чалып кызыңарды алып кеткиле дептир.Эми эмне кылам?

Биз күйөөм экөөбүз баш кошуп чогу жашаганыбызга 9жыл болуп калды. Турмушта казан аяк кагышат дегендей бирде урушуп бирде жарашып жашап келе жатабыз. Эл катары Россияда иштеп жүрдүк. Бирок,иштеп тапканыбызды эч эле чогулта албадык. Үй салып бөлүнүп чыгышыбыз керек. Эки балабыз бар. Күйөөм акчаны чогултканды эч ойлобойт ичет, кол көтөрөт, козино оюндарын ойнойт, ар кайсы кыздар менен сүйлөшүп жүрөт. Аял катары үй-бүлөөнү сактап калганга аракет кылып баарына көз жумуп чыдап жүрөм. Азыркы учурда күйөөм Москвада таксист болуп иштейт. Мен Кыргызстанга келгениме 5ай болуп калды. Тапканыбызды чогулта албасак деп балдарымдын жанында эле жүрүп турайын деп кетким келбей жүрөм. Кече күнү Одноклассники сайт на кирип калдым. Күйөөмдүн почтасы бар экен, лентасын карасам кыздардын сүрөттөрүнө комментарийлерди жазып журөк (смайликтерди) жөнөтүптүр. Муну көрүп чындыгында кызгандым. Бул эмне ,?десем жооп бербей, звонок кылсам да телефонду албай койду. Ага өчөшүп профилге сүрөтүмдү коюп койдум. Дружба жөнөткөндөрдүн экөөнү кошуп койдум. Алар менен жазышкан жокмун. Күйөөмө чалып жазып жаттым жооп жок. Анан эле звонок кылып сөгүп баштады сен балдар менен сүйлөшүп жүрөт экенсин деп. Мен айттым өзүңдү бил биринчи деп. Ал мени сөгүп экөөбүз каттуу уруштук. Ата-энеме ,кайын энеме да чалып айтты балдар менен таң атканча сүйлөшүп жатат деп. Мен аларга чындыгыны айттым мен ага кызганып сүрөт койгонумду дружба жөнөткөнүн кошуп бирок сүйлөшпөгөнүмдү айттым. Ата-энеме кызыңарды алып кеткиле дептир, өзүмө да кет деп айтты. Мен айттым ошончо иштеп тапкан акчаларымды таап бересин анан кетем дедим. Кайын энеме да чалып кеттиби дептир. Башым катып жатат эмне кылышымды билбей турам. Кенешиниздерди бериниздерчи.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *