Коом

Күйөөм акчасын дааратканага катып жүрүп унаа алды

Күйөөм курулушта иштечү. Эки балам катарлаш төрөлгөнгө үйдө отуруп калдым. Күйөөм кышкысын кээде отун да ала албай калган күндөрүбүз да болду. Кээде күйөөм акчасын катып алган жокпу деп дайыма чөнтөктөрун текшерип турчумун. Ал үйдө жокто болгон жерди антарып чыкчумун. анткени кайненем күйөөмдүн акча каткан жайы бар экенин айтып, байкап тур өзүнүн кызыкчылыгын силерден да жогору коет деп эскерткен. Себеби мен күйөөмдүн үчүнчү турмушумун. Буга чейин акчанын айынан уруш чыгып аялдары тажаганда кетип калыптыр. Мени кайын журтум табышып, алар аркылуу турмушка чыкканыман улам кайненем уулуна караганда мага жакшы мамиле жасайт эле. Ошентип балдарымдын улуусу бешке чыкканда күйөөм унаа алам деп калды. Тапканын күндө жеп жатсак карызга алганы жатабы джеп койгом. Ал унаанын кожоюну келгенде сыртка чыгып дааратканага күрөк алып кеткен. Артынан күлө карап даараткананы казып алтын издейсиңби деп койгом. Чын эле жарым саатка жетпей топурак болгон чүпүрөктү алып келип андан өз өзүнчө тоголоктошуп оролгон ар суммадагы акчаларды жазды. Таңгалып калдым. Жардамдашып акчаларды түздөп санадык. Тоголоктошкон акча унаанын баасынан да эки миң доллар ашык болуп чыкты. ошентип унаалуу да болдук. Ашканага мебелдүү болдук. Көрсө күйөөм мени акчаны таап алат деп даараткананын артындагы тешикке чүпүрөк тыгып ага акчаларды сала берчү экен. Эми үйгө элк копилка алып келип койдум. Дааратканага эмес ушуга сал албайм деп сөз бердим.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *