Күйөөм акчага кызыгып улуу аялдын үстүнө кирип алды

Акча адамды эмне гана кылбайт. Сегиз жыл чогуу жашап, көп нерсени көрүп бири-бирибизди түшүнүп калдык дегенде күйөөмдү кара басты. Пандемиядан кийин күйөөмдүн иши токтоп банкрот болду. Бул учурда алты айга чукул депрессияга кабылды. Андан кийин эле таксовайтетип жатам деп түнү үйгө токобой калды. Көрсө акчага кызыгып күйөөм өзүнөн 19 жаш улуу аялдын үстүнө кирип алыптыр. Эми үйдо калган эки кызына да кайрылып келбейт. Биз эмне жеп кантип жашап жатканыбыз да аны кызыктырбай калды. Жашоомдо таянган тоом жалгыз күйөөм эле азыр тоом урап калгандай жалгыз калдым. Тирүү адамдын ырыскысы түгөнбөйт экен жашоом өтуп жатат, бирок кыздарым атасын сагынып куса болуп журүшөт. алардын көздөрүндөгү муңду көргөн сайын жан дүйнөм талкаланып жатат. Канткенде мурунку жашоомду кайтарып алам?

Add your comment

Your email address will not be published.