Коом

Күйөөм аял акча кармабайт деп мага нанга да акча таштабайт

Кымбаттуу эжелер үйдө отурган аял акча кармоого акысы жокпу? Турмушка чыкканыма беш жыл болду. Эки балам бар. Кызыгы жолдошум турмушка чыккандан тартып колума акча карматпайт. Бала менен жумушка да чыга албайм. Колумда улгайып калган кайненем да бар аны караш учун бир адам дайыма жанында болушу керек. Андыктан кайненем менен балдарды карап үйдө отурам. Майда бараттарымды апам алып берип келет. Кэде балдар састымоолоп калса да күйөөмдүн келишин күтүп  отурам. Бир жолу  “мага күнүмдүккө акча таштай кетсен боло”- десем “аял акча кармабайт, нанын менен чайын даяр турабы ушуга шүгүр кыл”- деп кагып койду. Кээде шашылыш дары же бир нерсе ала турган болгондо баарын таштап салып бойдок кездегидей иштегим келет. Менин абалымды үйдө отурган эжелер тушунсө керек. Эмне кылсам өзумдун майда-бараттарымды алууга иштей алам.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *