Күйөөм 4 ай, 40 күндөп дааватка көп чыкчу. Көрсө аял алып, ошого кетиптир…

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мен төрт баалалуу энемин, жардамга аябай муктажмын. Бирине тартсам бирине жетпей кыйналдым. Ооба, силер үчүн жөн эле сөз же таңгалычтуу болушу мүмкүн, бирок мен үчүн бир азаптуу жашоо уланып жатат. Учурда жамбаш сөөгүм сынып, январдан бери төшөккө байланып жатам. Бутум баспай калды. Ушул оору жашоомду кийин жана мурун кылып эки бөлүккө бөлүп койду. Жашоом караңгы, кызыксыз, муздак. Күйөөм биз менен иши жок, кабар да албайт, себеби мени менен жашап жүргөндө эле экинчи аялы бар болчу. Азыр андан балалуу да болгон. Катуу айтсам кечиргиле, бирок сакал коюп, намаз окуп, дааватка чыккандардын кээ бирөөнө ишенип кереги жок. Күйөөм 4 ай, 40 күндөп дааватка көп чыкчу. “Ии дааватта жүрөт” дечүмүн. Көрсө, даават эмес эле аял таап, ошого барчу экен. Азыр аны менен кабарлашкым да келбейт. Муну менен сакал койгондун, намаз окугандын баары эле жаман дебейм, болгону арасында менин күйөөмө окшогон чала молдолор да бар. Муну мен билип калгандан кийин баарын териштирип, мечитке чейин барып сураштыргам. Үч күндүк дааватка бир жолу чыгыптыр болгону. Мына “Кудай” деген молдонун чыныгы жүзү!

Учурда менде болгону убактылуу кыйынчылык болуп атат, айыгып калсам, эки эселеп кайтарып берет элем. Бир аз азык-түлүк жагынан каралашып коёсуздарбы? Балдарым жаман кыйналып кетишти…

Жылдыз, Кара-Жыгач–2 конушу,

Тел.: 0505-21-11-73 

Аргумент.kg