Коом

«Күйөөгө чыкпасам өлөм»-деген 16 жаштагы кыздын айынан жакындары кылмышкерге айланган

«Күйөөгө чыкпасам өлөм»- деп чырдап жатып турмушка чыккан кыз 16 жашта болгон. Анын айынан жакындары айыпталган. Бул тууралуу Нарын райондук соту чыгарган өкумдө баяндалган.

Маалыматта, ушул жылдын май айында жашы жете элек кызга үйлөнгөндугу тууралуу кылмыш иши каталган. Анда 1999-жылы туулган К. Аттуу жигит 16 жаштагы Ага үйлөнүп алган.

Сот отурумунда К күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, А менен телефон аркылуу таанышып, бир айдай сүйлөшүшкөн. Кийин экөө баш кошуу чечимине келип нарые шаарындагы кафелердин биринде эки жаш апалары менен келип сүйлөшүшкөн.  Ошол жерден сөйкө салып кийин колдон алып кетишкен.

Ал эми Анын апасынын көрсөтмөсүндө кызы “Кга күйөөгө чыкпасам өлөм ”-деп чыр салып, өз жанын кыйганга да аракет кылган. Айласы кеткенде кызынын тандоосуна макул болгон.
жана ден соолугунан кооптонуп, макул болуп, кыргыздын салты менен күйөөгө бергем», — деди ал.
Ал эми жаштардын никесин кыйган адам : «27-майда кечки саат 19:30 чамасында мага биздин айылдын имамы телефон чалып, Калыс үйлөнүп жатканын, өзү бошобой жатканын айтып, менден мурунку имам катары нике кыйып коюуну өтүндү. Макул болуп, алардын үйүнө барсам той болуп жатыптыр. Кызды үйдөн кыз узатуу менен алып келдик деп айтышты. Андан кийин эки жаштын никесин кыйдым. Калыс 22, Адинай 18 жашта экенин айткан. Кыздын паспортун деле сураган эмесмин, чоң эле кыздай көрүнгөн. Ата-энесинин уруксаты барбы десем, кудалашып келгенбиз дешти. Адинай деле каршылык көрсөтпөй макул болгон», — деп окуяны айтып берген.

Соттун өкүмү менен учурда эки жаштын апасы жана К аттуу жигит Нарын райондук пробациялык көзөмөлгө алуу чечимин чыгарган. Алар бир жыл бою пробация тарабынан көзөмөлдө болот.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *