Кудайберген Базарбаевден кошомат “мастер-класс” алгыла

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Суудан кургак чыккан Кудайберген Базарбаев деген министр бар. Ал кайсы бийлик болбосун өкмөттүн курамына сөзсүз кирет. Базарбаев бир кезде Бакиевдин шайлоо компаниясынын “Ак жол” партиясына кызмат кылган. Андан соң Текебаевге жармашып “Атам-Мекен” партиясынын квотасы менен министрлик кызматты ээлеген. Атамбаевдин мураскери болгон Сооронбай Жээнбеквду президенттик шайлоодо колдоого алып, мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче кызмат кылып берген. Кылган кызмат акысына Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын проректорлук креслосуна отурган. Ал эми азыркы президент Садыр Жапаровджун дагы тилин таап мурда иштеп кеткен Социалдык коргоо министрилигине кайрадан жетекчи болуп отуруп калды. Кудайберген мырзанын кайсы бийлик болбосун тилин табуу жөндөмдүүлүгүгүнө таң калгандар аз эмес. Бул өзүнчө чоң талант эмеспи. Азыркы бийликтегилер менен өтө жакын дегендер да жок эмес. Мындай айтканга негизги себеп, Кудайберген мырза кийинки учурда Жогорку Кеңешке тоготпогондой мамиле кылып келдүүдө. Маселен Жогорку Кеңештин маанилүү жыйындарына өзү келбестен орун басарын гана жөнөтүп коюуда. Тар чөйрөдө Базарбаев эки достун биринин ишенимине өтө катуу киргени айтылып келүүдө. Бийликте көпкө кармалып кызмат ордун далайга чыгаргысы келбегендер дал ушул Кудайберген Базарбаевден “мастер-класс” алса оң болчудай. Булак: Аргумент.кж

Аргумент.kg