Күчүк чыры: Мектептин завучу чалып «балаңды башка мектепке өткөрөсүңбү?»,-деп жатат

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мектепке күчүк көтөрүп барган Алихан мектепке бара элек. Бул тууралуу апасы Гүлкумар Сарыбаева билдирди. Анткени баланы адамдар эрмектеп жатышат. Ошол үчүн азыр Алиханды психологго алып барууда.

«Мага кайсы күнү экени эсимде жок, башталгыч класстарынын тарбия боюнча директордун орун басарымын деп бир мугалим чалды. Ал :»башка мектепке өткөрөсүзбү?»,-деди эле «жок» дедим. «Башка мектепке өткөрбөйм, жыл аяктап калды»,-деп койдум. Башка жакка барса да, ал жактан балдар менен таанышып, достошкуча убакыт өтүп кетет. Ошол үчүн өзү азыр окуп аткан мектепте эле окусун дедим. Бирок азырынча класс жетекчиси иштейби же иштебейби чечиле элек экен. «Башка класс жетекчини дайындап койсок кандай болот?»,-дешти. Бирок кандай болоор экен деп турам.

Анткен менен эжекеси мага келип же телефон чалып деле кечирим сурап койгонго жарабады. Ал кечирим сурап, видео кайрылуу кылыптыр, ошону көрдүм. Бирок мага өзүнчө чалып, бир ооз кечирим сураган жок.

Менин баламдын тарбиясы жакшы, бирок кичине шогураак. Мектепке күчүк алып барганга чейин тыйын чычкан алып барган экен, экинчисинде таш бака алып барыптыр. Таш баканы мен өзүм Өзбекстандан алып келип бергемин. Өзү ушундай жан-жаныбарларга кызыгат экен. Анан өлгөн чымчык алып келди, чычкан алып келди дешиптир. Бирок мен аларын билбейт экемин. Баламды мектепке алып барганда досторунан ошону сурайын деп атам. Буга мен өзүм да кызыгып турам. Мен мурун аларын билген эмесмин, бирок таш баканы алып барып көрсөтүп келейин дегенде, макул деп мен өзүм уруксат бергемин. Өзү ыйлап жатып таш бака алып бериңиз дегенинен Өзбекстандан алып келип бергемин.

Анан күчүк алып барганын группадан көрдүм. Ага чейин достору эки күн катары менен пакет көтөрүп келишкен эле. «Алихан күчүк берем деди эле»,-дешип. «Кабат үйдө отурсам, менде кайсы күчүк, анан каяктан күчүк берет экен сага»,-десем билбейм дешкен. Анан балама айткам, «Күчүк-пүчүк дебей, жөн окуп, жөн келгин»,-дегем. А көрсө күчүк планын алдын ала эле түзүп, эсебин таап койгон экен. Дүйшөмбү күнү жуунтуп-тарантып жөнөткөмүн мектепке. Анан эжемин күчүктөрүнөн алып, пакетке салып мектепке алып барып, кийим игичтерге илип, курка менен жапкан экен, ошол жерден чыгыптыр анан, күчүк да зээриккен окшойт да (күлүп). Кийин анан ушундай окуя болуп атпайбы.»

Аргумент.kg