
Крым көпүрөсүнө суу астынан пилотсуз башкарылган украиналык техника кол салган
17-теке, 2023-ж // Без рубрики // Айпери ОсмоналиеваКрым көпүрөсүнө түндө украиналык пилотсуз башкарылган техника менен кол салып, ал боюнча «Теракт» беренесинин негизинде иш козголгонун РИА НОВОСТИ жазды.
Террорчулукка каршы күрөшүү боюнча улуттук комитеттин билдиргенине караганда, каргаша таңкы саат 3төрдө болгон.
«Саат 3.05 чамасында пилотсуз башкарылуучу аппараттар менен суу алдынан Крым көпүрөсүнө кол салышкан. Терактынын кесепетинен көпүрөнүн автоунаа жүргөн жеринин бөлүгү талкаланган. Мындан улам эки киши каза таап, бир бала жаракат алган», — деп айтылган маалыматта.
Булак: Аргумент кж