“Көзү ачыкка барам деп жашоом өзгөрдү

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Турмушка чыгып, жети жыл чогуу жашадым. Жолдошумдун мүнөзү оор адам болгондуктан, анын айтканы аткарылышы керек деген жашоо сызыгы мени өзгөрүүгө мүмкүнчүлүк берген жок. Балалуу да боло албадык. Кайын журтум мени “төрөбөйт” деп жаман көрүп, жолдошум менен ажыраштырууга аракет кылышты.

Ушундай күндөрдүн биринде курбум мени «көзү ачыкка барып төлгө ачтырып көрчү, балким балалуу болуп, жашооң башка нукка бурулар» деп калды. Бул сөз менин кулагыма куюлганы менен көпкө чейин бара албай койгом. Акыры бардым. Жашы өйдөлөп калган улуу эже мени бир карап, төлгө ташын тартып, жолдошум балалуу боло албай турганын, балалуу болуунун бир гана жолу – башкадан балалуу болуу экенин айтып калды. Жашоого болгон үмүтүм кошо өчтү. Ойго малынып баратып, унаанын алдынан чыкканымды да байкабай калыптырмын. Кулак түбүмөн катуу сигнал берилип, “жалт” карадым. Мага бир карыш жете бербей бир унаа токтоду. Ичинен айдоочу чыга калып, мага атырылып урушту. Отура калып ыйлап жибердим. Айдоочу мени аяп кеттиби, колтугумдан сүйөп, унаасына отургузду. Жакын жердеги кафеге бардык. Чай ичип, бир топко отурдук. Анын айтуусунда, уулун аэропортко жеткирип, шашып келе жатыптыр. Ошентип жолугуша баштадым. Биздин жолугушуу жакын мамилеге өттү. Көп өтпөй кош бойлуу экенимди билдим. Бирок бул жаңылыкты жолдошуман жашырып келем. Анткени ал өзүнүн балалуу боло албасын билген үчүн мени кетирбей жашап келет да. Менин кош бойлуу экенимди билсе эмне кылат? Эки ача ойдо жашап, өзүм кыйналып жатам…

Ажара

Аргумент.kg