Кожобеков, Мусаев, Үсөнов аттуу ректорлор “Манаска” каршы чыгыштыбы?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

“Ааламдашуунун шартында улуттук иденттүүлүгүбүздү сактап калалы, ал үчүн улуттук уңгубуз “Манаска” кайрылалы” деп президент Садыр Жапаров өзү колдоп, театрын ачып, “Манасты” илимий жактан изилдөө институтун түзүп, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов “улуттук биримдик, эркиндик идеяларын “Манастан” алалы, ошого таяналы” деп кыргыздын чыгарып келген уңгубуз өлкөбүздүн идеологиясынын башкы багытына айланып отурат. Кызыгы, таламандын тал түшүндө ошол мамлекеттик саясатка кайчы келген, каршы иштерди жасап жаткан университеттер да бар экен.

Маселен, Кудайберди Кожобеков жетектеген ОшМУда, Абдылда Мусаев башкарган К.Карасаев атындагы БМУда, Кеңешбек Үсөнов жетектеген Б.Осмонов атындагы ЖАМУда Манас таануу сабактары кыскартылып, окуу планынан алып салыныптыр. Ооба, туугандар, “Манастын” ордуна чет тилин окутабыз” деген чилистен ректорлор пайда болуптур.

Университетте “Манас” илимий деңгээлде окутулаарын, улуу эпосту изилдеген үч миңден ашык иликтөө бар экенин, “Манас” улуттук иденттүүлүктү калыптандыруу, кыргыз мамлекетинин руханий пайдубалын бекемдөө, өлкө ичиндеги биримдикти, улут аралык ынтымакты чыңдоо үчүн аба менен суудай зарыл экенин түшүнбөгөн сабатсыз ректорлор чолок акылы менен ушундай чоркок чечим кабыл алыптыр.

Билим берүү жана илим министрлиги мындай ректорлорду тыйып, мамлекеттик саясатка, идеологияга каршы келген чечимдерин оңдойбу, же “Манасты” жокко чыгарып, кордогон бул чечим чоң чырдын башы болобу?

Булак: Азия News гезити

Аргумент.kg