Көз менен багып жүргөн кыз эркек экен

Көз менен багып жүргөн кыз эркек экен

26-аяк оона, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Жашоодо кызыктуу окуялар көп болот экен. Атымды айтпай эле койгонум оң. Дордойдо аялдардын кийимдерин жана ич кийимдерин сатам. Башында аялдардын эле кийимин сатчумун. Кийинчерээк ич кийим сата баштадым. Бул кийимдер башка кийимге караганда өтүмдүү. Ич кийимди кымбатына карабай алган айымдар көп. Аларга болгону товарды мактап жана комплимент айтып турсаң болду. Ошол эле жетиштүү. Ушундай күндөрдүн биринде мага татынакай сулуу назик кыз келип калды. Бир гана үнү өзүнүн келбетине туура келбейт бир аз жоон экен. Кымбат ич кийимдерди алып кетти. Тандоосу дагы жакшы экен. Андан кийин дайыма келип алчу болду. Тыкан, таза, илбериңки кызды жактырып калдым. Сыртынан көз багып карай баштадым. Телефон номерин алып кээде чалып сүйлөшүп калам. Айтор көктөн издеген жубайлыкка издеген кызды жерден таптым. Болгондо да сулуу мага жубайлыкка ылайыктуу. Бир келгенде телефонун алып алгам. Сүйлөшүп калып жүрдүк. Бара-бара жолугуп бир жерге отуруп чай иче баштадык. Билинбей эле бир жылга жакындап калды. Жанына жуутпаган сулуумдун колун сурамакчы болуп анын туулган күнүнө алтын шакегимди топ гүлдүн арасына катып кыздары чогулган жерге бардым. Жакын курбулары менен отуруптур. Арасында кыздай болгон жигиттер да жүрөт. Эркекке окшош түрү суук кыздары да бар экен. Ушундай сулуу кыздан башкача болгон курбулары башында мени чочутканы менен бир бөтөлкө ичкенден кийин билинбей калды. Мас болуп калдык. Андан аркысын билбейм. Көзүмдү ачсам бөлөк үйдө жатам. Жанымда бирөө жаткан окшойт төшөк жылуу.Аңгыча жарым жылаңач болгон арык чырай сулучумак жигит кирип келди. Жылмайып коет мага карап. Көпкө түшүнбөй карадым. Колунда мен алган шакек жүрөт. Суйсала басып барып аялдын кийимдерин кийип жатат. Ордуман атып туруп, чала-була кийинип атып чыктым. Жолдо катар өзүмдөн жийиркенип жаттым. Көрсө мен сүйгөн ыймандуу сулуу кыз эркек экен. Өзүн да коомду да алдап кыз болуп жүргөн тура. Жолдо катар сүйүктүүм чала берди. Албай койдум. Ордума ооруп жатам деп карындашымды жиберип эки айга чейин иштеген жокмун. Ошондон кийин кыздарга ишенбей эркек эмеспи деп карай берем.
Аргумент.кж