Коом

Кошуна эженин үйүнө барсам, күйөөм экөө кумарлашып атыптыр

Сүйүү жаш карыны карабайбы же кээ бир адамдар төшөк кумары менен гана жашайбы айтор акыркы күндөрү үй-бүлөм бузулуп жатат.

Алты жылдан бери Россияда иштеп жургөн кошуна эженин келгенине беш ай болбой жатып үй-бүлөм бузулду. Алты жылдан бери мектепте окуган балдарына каралашып, аларды өз балдарымдай тарбияладым. Келгенден тартып бизге ыраазычылыгын айтып тынбай үйунө чайга чакыра берчу. Чакырган сайын бара деле албайсын го. Кээде бошобой калдым деп койчумун. Бир ай мурун балдарды окууга даярдадынызбы деп сурайын деп эженин үйүнө кире коюп, чыккыча шаштым.  Күйөөм экөө жарым жылаңач болуп кучакташып жатыптыр. Көргөн көзүмө ишенбей саамга селдейе туруп, сыртка атып чыктым. артыман күйөөм келди. Сүйлөшкүм келген жок. Чыгып кет дедим артты караган бойдон чыгып кетти. ошондон бери күйөөм экөөбүз эки башка бомөдө жашап жатабыз. кошуна эже болсо уялуунун ордуна койкоңдой басып тынбай биздин үйду мойну үзулгөнчө карачу болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *