Коом

Кошуна чал мага көз кысып тийишип…

Кээ бир адамдар карыса деле калжаңдап карыганын билишпейт. Мен жашаган батирдин алдынкы кабатында бир алтымыштан ашып калган чал жашайт. Кемпири өзунөн бир топ эле кичү окшойт. жаш дайыма боенуп, чачып жасап жүрөт. Кунүгө эртең менен чыкыйып кийинип алып жумушка кетет. Ал эми чалы болсо ыргайып кечке үйүндө. Өткөндө кызымды сейилдетип келе жатсам эшиктин алдында отуруптур. Кандайсын чон кыз-деп мага ырсандайт. Жаман көзүм менен карасам, жымшык көзүн кайра-кайры кысып мага чалып кой деди. Жиним кашайып кетти. урушайын деп кызымдын маанайын бузгум келбей үйгө кирип кеттим. Ошондон кийин ал чал эшикте отурганда таптакыр сыртка чыкпайм. Терезеден карасам, жаш кыздар өтсө сөзсүз жымшык көзүн жымшындатып тийише берет экен. Мындай чалдын жымшык көзүн качан бирөө жарым жабыштыра коет деп күтуп жүрөм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *