Кошулган күнү кан чыкпай калып балээге калдым

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Эки жылдан ашуун бир жигит менен сүйлөшүп жүргөм. Акыркы бир жылдан бери экөөбүз аялы күйөөсүндөй жашап келебиз. Эми чыныгы жүзүн көрө баштадым. Көрсө мен жаңылыптырмын.
Экөөбүз кошулган күнү менден кан чыкпай калды. Алгач аны кайра кайра сурап, мага чейин ким болду эле деп айтты. Мен чындыгымды айтсам ишенбегендей болуп койду. Менсиз жашоосу жок болуп жаткан жигитим мага муздак болуп калды. Күн өткөн сайын мага бузулуп кеткенсиң деп күнөө коюп жей берчү болду. Мени ар ким менен жатып жүргөн кыз экенсин деп айтпаган сөзү калбады. Элди көзгө илбей кемсинтип , ашатып сөгөт. Айлам кеткенде аны ээрчитип гинекологго баргам. Анын кыздыгың чойулчаак экен деген. Сыртка чыккандан кийин кайра беттен алып, “ишенбейт сага бооруп ооруп ошентип койду”-деп ого бетер куру доомат коюп жатат. Анын жумурткадан кыр тапканынан чүнчүп бүттүм. Айлам кеткенде экөөбүз эки башка жолго түшөлү башка аял ал деп да көрдүм. Эки күндөн кийин кайра келип кечирим сурап жалдырайт. Түтпөй кетип кайра жолугуша баштайм. Бир жумадан кийин кайра баштайт. Акыркы кездерде ушундан тажап өлгүм да келе баштады.

Аргумент.kg