Кош бойлуу аялын, кайненесин жыгач союл менен сабап өлтүргөн адамга сот өкүм чыгарды

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Ош облустук соту кош бойлуу аялы менен кайненесин сабап өлтүргөн адамга чыгарылган өкүмдү күчүндө калтырды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, айыпталуучу А.А.нын иши 25-октябрда облустук сотто каралды.

2021-жылы 16-июнда Ош шаардык сотунун өкүмү менен Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү), 138-беренеси (ден соолукка оор зыян келтирүү) менен айыпталган А.А. өмүр бою эркиндигинен ажыратылган. Бирок анын жактоочусу өкүмгө нааразы болуп, Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттануу келтирген. Анын негизинде Ош облустук сотунда иш өндүрүшкө алынган.

2020-жылы 22-октябрда Ош шаарында А.А. кош бойлуу аялын жана кайненесин жыгач союл менен катуу сабаган. Анын кесепетинен аялы окуя болгон жерде көз жумуп, кайненеси 2 күндөн кийин ооруканага жеткирилген. Алган жаракаттан улам ал 5 күндөн кийин ооруканада каза болгон. Соттолуучу А.А. окуя болгон жерден түнү менен белгисиз жакка качып кетип, Ош ШИИБдин кызматкерлери тарабынан Бишкектен кармалып, камакка алынган.

Аргумент.kg