Кош бойлуу аялды өлтүрүп ичин жарып баласын алган

Кош бойлуу аялды өлтүрүп ичин жарып баласын алган

19-тогуздун айы, 2020-ж // // Айпери Осмоналиева

Боюнда бар аялдын ичин жарып наристени уурдаган аял өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу юстиция министрлигинин Associated Press сайты жазып чыкты. Анда АКШнын штаттарында 60 жылдан бери каттала элек өлүм жазасы биринчи жолу аялга берилгенин жазган.
Маалыматта, Канзас штатында жашоочусу Бобби Джо Стиннеттин үйүнө белгисиз аял күчүк сатып келген. Ал эми Бобби Жо жакында кыздуу болоорун айтып баш тарткан. Ал эми кош бойлуу аялдын жалгыз экенин акмалап билген мыкаачы аял түнү үйгө уурданып кирген. Кызуу уйкуда жаткан Боббини думуктуруп өлтүрүп, ичип жарып наристени уурдап кеткен. Эртеси кошуналары Боббинин абалын билгени кирип уктоочу бөлмөдө кызыл жаян кан болуп жатканына күбө болушкан. Полицейлер каза болгон адам киши колдуу болуп каза болгонун жана баласы уурдалганын айтышкан. Арадан үч жыл өткөндөн кийин мыкаачы аял колго түшкөн. Он төрт жылдан бери абакта жаткан аялдын иши кайра кайра каралып келген. Акыркы өкүм өлүм жазасы чыккан. Эми ушул жылдын 8-декабрында ийненин жардамы менен өлүм жазасын тартмакчы